Сооронбай Жээнбеков: ата-энелер, балдарыңар менен сырдаш болгула!

Президент мамлекет балдардын жана жол коопсуздугуна бөгөт коюу боюнча иштердин дагы күчөтүлөрүн айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ден соолугу сак, акыл-эстүү баланы тарбиялоо үчүн оору-сыркоо, зомбулуктан гана эмес, психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да калкалоо керек. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбековдун 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айткан. Маалыматты мамлекет башчынын басма сөз кызматы таратты.

"Кымбаттуу балдарым! Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун! Силерге ар дайым жарык маанай, узун өмүр, тоодой бак-таалай каалайм. Баарыӊардын алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар ишке ашсын!" — деп куттуктаган мамлекет башчысы.

Абдесова: республика аймагында балдар үчүн улуттук оюндар кербени өтөт
Президент мамлекет балдардын коопсуздугу, анын ичинде жол коопсуздугу, зомбулукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин натыйжалуулугун дагы күчөтөрүн билдирген.

"Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн", — деп айтылган Жээнбековдун куттуктоосунда.

Мамлекет башчы ата-энелерди балдары менен сырдашууга чакырган.

"Ар бир бала шык-жөндөмү, таланты менен жаралат. Аны ойготуу, өстүрүү керек. Ата-эненин, тарбиячынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн балдар акыл-эси жетик, күйүмдүү, шыктуу болуп жетилишет", — деген Жээнбеков.

Ал ошондой эле балдарга көп убакытты арнап, сырдаш болуу керектигин кошумчалаган.