Жээнбеков бала асырып алуудагы бюрократияны азайтуу керектигин айтты

Президент жетим балдарга караганда, ата-энеси бар тирүүлөй жетимдер көбөйүп жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. КР президенти Сооронбай Жээнбеков 1-июнь, балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген борборго барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президент балдар үйүнүн имаратынын абалы жана шарттары менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашкан.

1 / 3
КР президенти Сооронбай Жээнбеков 1-июнь, балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген борборго барды.
2 / 3
Президент балдар үйүнүн имаратынын абалы жана шарттары менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашкан.
3 / 3
Жээнбеков балдар үйлөрүндө жана интернаттарда наристелердин саны жылдан-жылга көбөйүп, жетим балдарга караганда, ата-энеси бар тирүүлөй жетимдер көбөйүп жатканын өкүнүү менен белгилеген.

Жээнбеков балдар үйлөрүндө жана интернаттарда наристелердин саны жылдан-жылга көбөйүп, жетим балдарга караганда, ата-энеси бар тирүүлөй жетимдер көбөйүп жатканын өкүнүү менен белгилеген.

"Балдарды багып алгысы келгендер көп, бирок аларга ашыкча бюрократия көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда. Бала асырап алуудагы бюрократияны жок кыла турган реформаны жүргүзүш керек. Ошондо балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөдө тарбиялангандар көбөймөк", — деди Жээнбеков.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген борбор 110 балага эсептелип, анда жаңы туулгандан тартып, төрт жашка чейинки наристелер тарбияланат.