Мындан ары Өзбекстанда Matiz автоунаасы чыгарылбайт

Автоунаанын бул модели кыргызстандыктардын арасында да көп колдонулат. Автокөлүк Өзбекстандын ичинде Chevrolet бренди менен чыгарылса, башка мамлекеттерге Daewoo Matiz деген ат менен сатылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 2018-жылдын июль айынан тарта GM Uzbekistan автозаводу Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааларды өндүрүштөн алат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды. 

Мындай чечим машинанын модели моралдык, техникалык жактан эскилиги жеткендиктен аны жаңылоо максатында кабыл алынган.

Эң бышык делген 10 машинанын аты аталды
Өзбекстанда Matiz үлгүсүндөгү автоунаа 2001-жылы Асака районундагы автозаводдо чыгарыла баштаган. Ал эми 2004-жылдын декабрынан тарта кыймылдаткычы 1 литрге жеткен Matiz Best үлгүсүндөгү автоунаа сатыкка чыккан.

Эми Matiz унаасынын ордуна Spark үлгүсүндөгү машиналардын арзан версиялары чыгарылат.

Буга чейин GM Uzbekistan автозаводу 2018-жылдан тарта Кыргызстанда дагы машина чогултуучу заводду ишке киргизе турганы маалымдалган болчу.