Жалган эмес! Нөшөрлөгөн жаандан улам дүйнөдөгү эң ири чөлдү суу каптады

Катуу жааган жамгырдын айынан сел жүрүп, жер бетиндеги эң ири делген Руб-эль-Хали чөлүн каптап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Оманда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Это не обман! Ливни затопили одну из крупнейших пустынь в мире — видео

Маалыматка ылайык, Эль-Хархир, Таблотен жана Умм аль-Мелх райондорунда катуу жаан жааган. Жаратылыш кырсыгынан жети адам көз жумган. Андан сырткары, 500дөн ашык үй-бүлө башка аймактарга көчүрүлгөн.

Араб жарым аралында мындай өзгөчө кырдаал акыркы жыйырма жылдан бери байкалган эмес.