Окумуштуулар ичимдик кимди биринчи жок кыларын айтышты

Генде мындай мутация пайда болгондор арак-шарап ичкен маалда жүрөк кемтиги, жүрөк ритминин бузулушу сыяктуу оорулар тез өөрчүп, капилет өлүмгө кабылышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн — Sputnik. Улуу британиялык окумуштуулар  спирт ичимдиктерин ичкендер үчүн өзгөчө коркунуч жараткан мутацияны  адамдын генинен таап алышты. Бул тууралуу Journal of the American College of Cardiology журналы жазды.

Кыргызстанда ичимдикке берилген аялдар менен баңгизатын колдонгон балдар көбөйүүдө
Адистердин айтымында, генинде мындай мутация пайда болгондор арак-шарап ичкен маалда жүрөк кемтиги, жүрөк ритминин бузулушу сыяктуу оорулар тез өөрчүп, капилет өлүмгө кабылышы мүмкүн.

Окумуштуулар жүрөк ооруларынын жогорудагыдай түрлөрүнө кабылган 141 адамды иликтеп көрүп, алардын ичинде 13,5 пайызынын генинде мутация пайда болгонун аныктаган.

"Гендеги мындай өзгөрүү 100 адамдын биринде кезигет. Андыктан, бул нерсе ичимдикти мурдагыдан дагы коркунучтуу кылып койду деп айтууга болбойт. Бирок дүйнөлүк масштабда алып караганда, мындан абдан көп адам жабыр тартышы мүмкүн", — деп жазылган макалада.

Буга чейин илимпоздор эң кооптуу баңгизаттарды аныкташкан.