"Манас" эпосу англис тилине которулуп, Amazon аркылуу сатылууда

"Манас" эпосун англис тилине бир нече жылдан бери АКШда жашап жүргөн кыргызстандык котормочу которгон. Бул үчүн ага эки жыл сарптаган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Акылай Байматова жазуучу Мар Байжиевдин версиясындагы "Манас" эпосун англис тилине которуп, китеп кылып чыгарды. Бул тууралуу котормочу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Издание эпоса "Манас" на английском языке

Байматова 15 жылдан бери Флорида штатында жашап, жергиликтүү билим берүү борборлорунун биринде эмгектенет. 

"Өз өлкөмө салым кошоюн деген максатта биздин байлыгыбыз болгон эпосту эң маанилүү тилдердин бирине которууну чечтим. Менин эмгегим Кыргызстан тууралуу Америкада гана эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде дагы билүүгө шарт түзөт деп үмүттөнөм", — деди ал. 

Байматова эпосту которуу алгач татаалыраак болгондуктан, ар бир бөлүгүнө терең сүңгүп кирип, атургай аскердик стратегияларды изилдөөдө туура келгенин айтты. 

Ошондой эле жазуучу ар бир эпизодду которуп бүткөндө жергиликтүү окуу жайлардын биринде иштеген редакторуна көрсөтүп, аны менен талкуулап турган. Мындан ташкары, чыгарманын автору Мар Байжиев менен макулдашкан. 

Издание эпоса "Манас" на английском языке

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Байжиев менен байланышканда, ал котормочунун эмгеги менен таанышканын тастыктады.

"Манас" эпосу боюнча комикстер тартууланды. Сүрөт
"Анын демилгесин колдогом. Которулган китепти Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын макулдугун алуу үчүн алып барганбыз. Алар дал ушундай китептен 500 нуска басып чыгарып, окуу жайларга таратабыз деп айтышкан", — деди Байжиев.

Ал ортодо Байматованын китеби Amazon интернет-дүкөнүндө сатыкка чыкты. Баасы 19.99 доллар.

Келечекте Байматова Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев жана Чыңгыз Айтматовдун эмгектерин которууну пландап жатат.