Sputnik Латвия агенттиги кабарлагандай, шаардык өрт өчүрүү жана куткаруу кызматына белгисиз адам 4-кабаттын терезесинен секирүүгө аракет кылып жатканы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер ал жашаган батирге кирген эмес. Анткени ал секирип кетет деп чочулашкан.
Куткаруучулардын бир тобу чатыр аркылуу кишиге жакындаганга аракет кылса, экинчи топ ылдыйкы кабаттагы батирдин терезесинен карап турган. Бир маалда киши жерди көздөй секиргенде куткаруучулардын бири бутунан кармап калууга үлгүргөн.
Бир жума мурун Францияда 5-кабаттын балконунда асылып калган баланы көчөдө өтүп бараткан мигрант байкап куткарган.