Кашкар Жунушалиев: кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлерге катуу чара көрүлөт

Учурда Жайыл райондук милициянын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон кыздын ишин Ички иштер министри Кашкарбек Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери жана райондук милициянын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

"Жайыл РИИБинин имаратында болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча жана милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнүн жүрүшүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды. Мыйзамды бузган РИИБ кызматкерлерине катуу чара көрүлүп, ички иштер органдарынан бошотууга чейин жаза берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ала качкан кызын милиция бөлүмүндө бычактап салган киши. Окуянын чоо-жайы
Аталган кылмыш иши боюнча кийинки иликтөөнү жүргүзүү иши УКМКнын Жайыл райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилгени айтылат.

Эскерте кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Каргашалуу окуяга Бириккен Улуттар Уюму дагы көңүлүн бурду.