Радио

Турдумаматова: интернатка мигранттар да балдарын таштап баштады

Акыйкатчы институнун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова балдар эртеңки келечек гана эмес бүгүнкү байлык экенин да айтты.
Sputnik
Турдумаматова: интернатка мигранттар да балдарын таштап баштады

Эми интернатка эмгек мигранттар да балдарын калтыра баштады. Бул тууралуу Махабат Турдумаматова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернаттагы балдардын беш пайызы тоголок жетим болсо, калгандары атасыз же апасыз, же болбосо эмгек мигранттарынын балдары.

"Бүгүнкү күндө интернатта тарбияланган балдардын саны өсүүдө. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, ал жердеги балдардын беш пайызынын ата-энеси жок. Ал эми калган 95 пайыз балдардын атасы, же апасы бар. Соңку мезгилде мигранттар да экономикалык жагдайдан улам балдарын интернатка калтырып кетишүүдө. Алар мунун себебин баланы багууга акчасы, жумушу жоктугу менен түшүндүрүп жатышат", — деди укук коргоочу.

Ал интернат кызматкерлери мигранттардын балдарын айласыздан алып жатканын кошумчалады.