Жүзүнөн балалыктын сүйкүмү кетпеген бөбөктөр. Бишкектеги майрамдык иш-чара

Sputnik

Бишкекте 15 миң бала катышкан өзгөчө майрамдык иш-чара өттү. Видео
Бул күнү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде балдар үчүн оюн-зоок программалары жана концерттер уюштурулат.

Балдардын коргоо күнү бир гана майрам эмес, алардын укуктарын коргоо керектигин коомго эскерткен күн дагы.

Бул майрам Бишкек шаарында кандай белгиленгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт баянынан караңыздар.

1 / 13
Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө бир катар иш-чараларды уюштурду
2 / 13
Бишкектеги Эмен багында (Курманжан датканын эстелигинин алдында) балдардын катышуусу менен "Баластан" аттуу маданий иш-чара өттү
3 / 13
Балдар үчүн уюштурулган музыкалык көңүл ачуучу программага кыргыз эстрада жылдыздары да катышты
4 / 13
Эмен багында ЮНИСЕФ "Көчмөндөрдүн балдар оюндары" программасын уюштуруп, боз үй тигилди
5 / 13
Жалпысынан бул иш-чарага шаардагы 15 миңдей бала тартылды
6 / 13
Бардык иш-чаралар бекер
7 / 13
Балдарды коргоонун эл аралык күнү жарым кылымдан ашык убакыттан бери белгиленип келет
8 / 13
Балдардын эл аралык күнү 1949-жылы Женевада балдардын жыргалчылык маселелерине арналган дүйнөлүк конференцияда кабыл алынып, негизделген
9 / 13
1950-жылы 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнү биринчи жолу белгиленген. Ошол учурдан бери жыл сайын майрамдалып келет
10 / 13
Балдардын укугун коргоо бардык жарандын милдети
11 / 13
Бишкекте белгиленген майрамдан бир көз ирмем
12 / 13
Калаадагы балдар үчүн майрам эки күнгө созулат
13 / 13
2-июнда дагы балдар бир нече иш-чараларга катыша алат