Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн эки айга жабылат

Оңдоо иштери жай мезгилинин ортосуна чейин созулат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 2-июндан тарта оңдоо үчүн жабыла турганын борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Оңдоо иштери Ахунбаев көчөсү Бакаев менен Тыналиевге чейинки бөлүгүндө жүрүп, 1-августка чейин созулат.

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча жол жабылгандыктан № 147, 130, 118, 264, 203, 202, 188, 170,157,159, 148, 101, 100 микроавтоубустардын каттамы өзгөрөт.

Маршруттар Тыналиев, Псковская көчөсү менен ылдый түшүп (кайра келе жатканда Поваринская көчөсү менен чыгат), Айни, Бакаев жана Ахунбаев көчөсүнө чыгып кайра өз багыты менен кетет.