Бишкекте 15 миң бала катышкан өзгөчө майрамдык иш-чара өттү. Видео

Бишкектин Эмен багында балдарды коргоо эл аралык күнүнө арналган "Баластан" аттуу майрамдык иш-чара өттү.
Sputnik

Оюн-зоок коштолгон иш-чараны мэриянын билим берүү башкармалыгы уюштуруп, 15 миңге чукул баланын башын бириктирген.

Башкармалыктын башкы адиси Фатима Алымбекованын айтымында, балдар үчүн ар кайсы тематикадагы 50гө чукул аянтча уюштурулган.

"Интеллектуалдык, көңүл ачуучу оюн-зооктор, спорттук мелдештер, ал тургай балдардын көчмөндөр оюнунан бери пландалган. Бул жерден ар бир бала өзүнүн кызыкчылыгына жараша багытты тандап алып көңүл ачууга шарт түздүк. Мындан сырткары, билим берүү борборлорунун окуучулары кыргыз драма театрында спектакль коюп, өнөрлөрүн тартууласа, улуттук филармонияда гала-концерт өткөнү жатат. Ал жакта ар кайсы ийримге катышкан балдар ырдап, бийлеп көңүл ачышат", — деди Алымбекова.

Ал ошондой эле жаңы конуштун окуучуларына "Кыргыз киносу" кинотеатрында комедия жанрындагы тасмалар сунушталарын кошумчалады.

Майрамдык иш-чарада мастер-класстар өткөрүлүп, окуучулардын колунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү болду.