Радио

Сайназаров: жаштарды тоо-кен жана IT тармагындагы адистиктерди алууга чакырам

"Жалпы кызыкчылыкты издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси, билим берүү тармагында серепчи Кеңешбек Сайназаров балдар 10-11-класска барганда ата-энелер өзгөчө көңүл буруусу керектигин билдирди.
Sputnik
Сайназаров: жаштарды тоо-кен жана IT тармагындагы адистиктерди алууга чакырам

Абитуриенттерди төмөнкү төрт кесипке ээ болууга чакырам. Алар: эконометрика, тоо-кен тармагы, IT адистиги жана теолог кесиби. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна  кесип тандоо боюнча маек куруп жатып айтты.

Анын айтымында, кесип тандоодо дүйнөлүк тенденциядан сырткары ошол өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн да эске алуу керек.

"Эконометрика – экономика, математика жана саясат таануу илимдеринин бирикмесинен келип чыккан кесип. Бул тармакта окууну тандоо менен, абитуриент келечегин дүйнөлүк көз карашта тандап алды десек болот. Ушундай эле бардык жерде иш таап кете алчу кесиптердин бири тоо-кен адистиги же техника өнүгүп жаткан заманда IT кызматкерлерине да талап күч. Ошондой эле, учурда дин таанууда да билимдүү адистердин зарылдыгы пайда болууда ", — деди Сайназаров.

Ал бизде фермер, багбандарга да жумуш көп экендигин, бирок дүйнөлүк талаптарга жооп бере турган өндүрүшүбүз жок болгондуктан бул кесип ээлери ишсиз калып жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.