Нурсултан Назарбаевге өмүрүнүн аягына чейин атайын статус ыйгарылды

Статус боюнча тийиштүү мыйзам парламент тарабынан колдоо тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге өмүрүнүн аягына чейин өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектөө артыкчылыгы берилди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

"Казакстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү" мыйзамды парламенттин депутаттары кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Казакстандын биринчи президенти — Елбасы — Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кыла алат.

Юстиция министри Марат Бекетаев бул боюнча журналисттерге жооп берип жатып, мындай чечим былтыр эле бекитилгенин билдирген.