Милиция бөлүмүндө кызды бычактаган киши эки айга тергөө абагына камалат

Атайын комиссия шектүү жаткан ооруканага барып көчмө соттук отурум өткөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кызды бычактап өлтүрүүгө шектелген кишинин баш коргоо чарасы каралды. Бул туурасында Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, атайын комиссия шектүү жаткан ооруканага барып көчмө соттук отурум өткөрүп, эки айга камоо чечимин чыгарган.

"Кылмышка айыпталып жаткан киши өзүнө келген. Абалы жакшыргандан кийин тергөө абагына жеткирилет. Учурда анын жаткан жерин 24 саат бою конвой кайтарууда", — деп айтылат маалыматта.

Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын атасы да, шектүү да маршрутка айдап иштеген
Эскерте кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда 316-берене (шалаакылык) боюнча прокуратура тарабынан Жайыл райондук милициясына да иш козголгон.