Депутат: банкрот алдындагы "Кыргызтелекомдун" жетекчиси эмнеге 100 миң маяна алат

Эл өкүлү мугалим менен дарыгерлер 10 миң сомдун тегерегинде маяна аларын белгилеп өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов ("Республика — Ата-Журт") парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жаткан учурда "Кыргызтелеком" менен MegaCom ишканаларынын жетекчилери өздөрүнө 100 миң сомго чейин айлык коюп алганын айтып, аны текшерүү керектигин билдирди.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции "Республика — Ата-Журт" Акылбек Жамангулов

"Кыргызтелеком" ишканасы банкрот болуу алдында турат деп жатабыз. Бирок анын жетекчиси өзүнө 100 миң сомдук айлык коюп алган. Эмненин негизинде мындай айлык алат? Мына MegaCom уюлдук компаниясынын жетекчиси да 100 миң сом алат экен. Ал эми биздин академиктер, мугалимдер, дарыгерлер күнү түнү иштеп 10 миңге жетпеген айлык алышат", — деди депутат.

Эл өкүлү бул ишканалардын жетекчилери эмне үчүн өзүлөрүнө мындай айлык белгилеп алганын текшерүү керектигин кошумчалады.