Пресс-борбор

Өлкөдөгү аялдар бир элементтин жетишсиздигинен оорулуу балдарды төрөп жатат

Кыргызстандагы аялдардын 40 пайызы фолий кычкылдыгын жетиштүү көлөмдө албай турганын эксперттер белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда төрөй ала турган аялдар фолий кычкылдыгын керектүү көлөмдө албай турганын, бул өз кезегинде ымыркайлардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын тамактануу боюнча эксперт Турсун Мамырбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында билдирди. 

Эксперт по питанию Турсун Мамырбаева

"Кыргызстандагы аялдардын 40 пайызына фолий кычкылдыгы жетпейт. Бул дене кемтиги менен төрөлгөн балдардын санынын өсүшүнө алып келүүдө. Сөз айыкпай турчу оорулар тууралуу болуп жатат. Буга мамлекет тарабынан көп каражат сарпталууда", — деди ал.

Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер
Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун тамактануу бөлүмүнүн башчысы Элмира Кабылова да аялдардын туура тамактануусу маанилүү экенин айтты.

"Эң башкысы ымыркайды түйүлдүк кезинен эки жашка чейин туура тамактандыруу керек. Бул миң күндүн ичинде эне менен бала бардык витаминдер менен микроэлементтерди жеши керек", — деди Кабылова.

Анын айтымында, ымыркайга алты айдан тарта жергиликтүү азык-түлүктөн жасалган тамак-аш бере башташ керек. Ошондой эле баланы эки жашка чейин эмизүү керектигин сунуштады.