"Жолдош Путиндин ден соолугу кандай?". Ким Чен Ындын Лавров менен жолуккан видеосу

Видеодон көптөр үчүн табышмак болгон Ким Чен Ындын сүрөткө түшүп, кези келгенде жылмайып жүргөнүн көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Россия ТИМи Сергей Лавров менен жолукканда, президент Владимир Путиндин саламаттыгына кызыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ким Чен Ын менен министр Сергей Лавровдун жолуккан видеосу РФтин тышкы иштер министрлигинин сайтына да жарыяланды.

​Тараптардын расмий жолугушуусунда Ким Чен Ын министр Лавровдон Россия лидери Путиндин саламаттыгына кызыккан.

"Жолдош Путиндин ден соолугу кандай?" деген суроого Россия ТИМи "Ден соолугу сонун" деп жооп узаткан.

Видеодон көптөр үчүн табышмак болгон Ким Чен Ындын сүйлөп, сүрөткө түшүп, кези келгенде тамашалап, ал тургай ага арналган белекти кызыгуу менен кабыл алып жаткандыгын көрүүгө болот. 

Встреча Сергея Лаврова и Ким Чен Ына в КНДР

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин ал Путинге жана орус элине салам айта барууну өтүнгөн.

"Силер биз үчүн жакшы доссуңар. Бош эместигиме карабай силер үчүн убакыт таптым", — деген Ким Чен Ын.

Лавров иш сапар менен Түндүк Кореяга барып, аталган өлкөнүн мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын жана бир катар расмий адамдар менен жолукту.