"Тайсон" Канат Келдибеков Чеченстандын "Ахмат" лигасы менен келишим түздү

Мушкер Канат Келдибеков бир ай мурда ушул эле спорттук лиганын турниринде азербайжандык Агшим Бабаевди муунтуу ыкмасы менен утуп, көпчүлүктүн назарына алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Аралаш мушташ (ММА) боюнча беттеш өткөргөн кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков WFCA (World Fighting Championship Akhmat. — ред.) лигасы менен келишим түздү. Бул туурасында спортчу Instagram баракчасына жарыялады. 

Келишим боюнча мушкер үч беттеш өткөрөт.

"Россиянын беделдүү спорттук уюму менен келишим түзүп жатам. Үч кармашка чыгышым керек. Машыктыруучума терең ыраазычылык билдирем. Буюрса кыргыздын желегин желбиреткенге даярмын," — деп спортчу социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Эске сала кетсек, мушкер Канат Келдибеков бир ай мурда ушул эле спорттук лиганын турниринде азербайжандык Агшим Бабаевди муунтуу ыкмасы менен утуп, көпчүлүктүн назарына алынган.

Кыздар кыя өтпөгөн Келдибек: кыргыздын жигиттери майдаланып баратат
Мушкер 1991-жылы 27-мартта Нарын шаарында төрөлгөн. Он биртуугандын төртүнчүсү. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

2007-жылы агасынын сунушу менен бокска келип, 2011-жылы эрежесиз эр урушка аралашкан. Панкратион боюнча Евразия чемпиону. ММА боюнча профессионалдар арасында 11 беттеш өткөрүп, анын сегизин утуп, үчөөсүндө жеңилген. Коомчулукка "Тайсон" каймана аты менен таанымал.

"Ахмат" спорттук клубу 2014-жылы ачылып, Чеченстандын биринчи президенти Ахмат-Хаджи Кадыровдун атын алган. Клуб 2015-жылы эрежесиз эр уруш боюнча турнирлерди өткөрүү максатында World Fighting Championship Akhmat лигасын түзгөн. Уюмду Абузайд Висмурадов жетектейт.