Автоинспекторду жөөлөй айдаган жолтандабастын рулунда ким отурганы белгилүү болду

Буга чейин жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан кайгуул милициясын жолтандабастын айдоочусу жөөлөй айдаган видеону күбөлөр редакцияга жөнөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы жолтандабас менен кайгуул кызматкеринин окуясы боюнча үн катты.

Буга чейин окуянын күбөлөрү жолду көзөмөлдөп жаткан кайгуул милициясын жолтандабастын ээси тоготпой, унаасы менен жөөлөгөн видеону редакцияга жөнөткөн.

Түптө милиция кууган унаа оодарылып бир адам мерт болду. Кырсыктын чоо-жайы
ЖКККББ авто унаанын рулунда 43 жаштагы аял болгонун билдирди. Маалыматка ылайык, аял административдик протоколго кол койгондон баш тартып, аны алып, андан кийин кетип калууга аракет кылган. Аялды коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айыпка жыгышты.

Lexus маңдайында турган кайгуул кызматкерин 10-15 метрдей түртүп барган. Айдоочуну шаардык жаран гана өз унаасы менен алдын тороп токтотуп калган.

Унаанын ээсин түшүнүк кат жаздыртуу үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.