WhatsApp акчаны да, убакытты да үнөмдөгөн жаңы функцияны ишке киргизди

Жаңы версиянын жардамы менен төрт адам бир убакта сүйлөшө алат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. WhatsApp тиркемеси жамааттык аудио жана видео чалууларды аткарууга жол ачканын Аdroid Police басылмасы жазып чыкты.

WhatsApp мессенджеринде тайпалык чаттарга тиешелүү жаңы функциялар пайда болду
Соңку күндөрү тайпалык чалуулар iOS жана Android колдонуучуларына акырындык менен пайдаланууга кирип жатат. Бирок бул азырынча баарына жеткиликтүү эмес.

Аdroid Police белгилегендей, сиз бирөөгө чалып жатканда экрандын жогору жагынын оң тарабындагы катышуучуларды кошуу деген белгини басасыз да, телефонуңузга сакталган номерлердин төртөөсүн тандап бир убакта чалуу аткара аласыз. Мындай кызматты аудио жана видео вариантында пайдаланууга болот.

iOS жана Android колдонуучуларынын айрымдары тиркеменин WhatsApp beta 2.18.162 деген акыркы версиясында жаңы функция пайда болгонун маалымдап жатышат. Башкалары азырынча жаңылануу боло электигин жазышууда.