Украинада өлтүрүлдү делген Бабченко тирүү болуп чыкты

Киевде 29-майда россиялык журналист Аркадий Бабченкону артынан аңдып жүргөн киллер кол салды деген маалымат тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Киевде атып өлтүрүлдү делген россиялык журналист Аркадий Бабченко тирүү экенин Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак брифинг учурунда билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Россия: журналист Вышинскийдин Украинада кармалышы боюнча иш козголду
Маалыматка караганда, коопсуздук кызматы журналистке кол салынаары тууралуу алдын ала кабар алгандыктан, анын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин кылды. Ошондой эле Грицак журналисттин өлүмүнө россиялык атайын кызматтар кызыкдар деп күнөөлөп кетти.

Анын айтымында, кол салууну уюштурган адамдар Киев шаарында колго түшүрүлдү. 

Кийин журналисттердин алдына чыккан Бабченко ага кол салынары тууралуу эки ай мурун угуп, мунун айынан өлүмдү алдын ала турган атайын операцияга катышууга макул болгон.

“Мен бардыгыңыздардан, өзгөчө акыркы эки күндүн ичинде тозокко түшүп чыккандай болгон жубайымдан кечирим сурайм”, — деди Бабченко.

Эске салсак, Киевде 29-майда россиялык журналист Аркадий Бабченкону артынан аңдып жүргөн киллер кол салды деген маалымат тараган. Кийин журналист тез жардам унаасында көз жумганын жар салышкан.