БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Дастан" ААКсында ири өлчөмдө каражат уурдалгандыгы тууралуу факты аныкталып, УКМК Кылмыш жана жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.
УКМКын маалыматы боюнча, 2012-жылдын январь айында "ТНК Дастан" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөн.
"Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 доллар суммасында белгиленген. Өз кезегинде "ТНК Дастан" мурунку кызматкери жетектеген "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик хозрасчеттук компаниясы менен дагы келишим түзүп, аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң АКШ доллары сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле муну менен "ТНК Дастан" ААКсы жана "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгени айтылды.
Белгилей кетсек, "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын 30 пайыз үлүшү ошол учурда "ТНК Дастан" ААКсына тиешелүү болгон.
Тергөө иштери жүрүп жатат.