Туризм министрлигин түзүү учур талабы. Себеби департаменттин деңгээлинде иш алып барылууда. Кыргызстандын бул тармакта жакшы киреше табуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Улан Примов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туризм тармагына мамлекеттен өтө аз акча бөлүнөт.
"Биз туризмге жетиштүү маани бербей жатабыз. Бул тармакты өнүктүрүп, бюджетке жакшы киреше алып келүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ал үчүн департамент менен чектелбей, министрлик түзүшүбүз керек. Мындай нерсе жалпы журтту иш менен камсыздоого, миграцияны азайтууга жол ачат", — деди Примов.
Ал ошондой эле өзгөчө тарыхый жайлардын абалына көңүл буруу керектигин кошумчалады.