Бишкекте сойку жайын уюштургандар жана эки кыз кармалды

Опер кызматкерлерине мейманканада кыздар көптөн бери төшөк кызматын көрсөтүп жүргөнү боюнча маалымат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Октябрь райондук милициясы коммерциялык багытта секс кызматын көрсөткөн кыздарды кармап, алар иштеген жайды жапты. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Сокулуктагы сойкуларды уюгунан алып чыккан милиционерлер. Сүрөт
Опер кызматкерлерине мейманкана делген жеке менчик үйдүн ичинде кыздар көптөн бери төшөк кызматын көрсөтүп жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Аталган жайга барышканда, чын эле мейманкана экени байкалган. Ичине киргенде бойго бүтүрбөөчү каражаттар, жазуулары бар дептер жана акча табылганы айтылат.

Мындан сырткары, милиция сойку делген эки кызды жана атайын жайды уюштурган деп 43 жана 37 жаштагы эки адамды кармаган.

Алардын баш коргоо чарасы каралып, соттун чечими менен сыртка чыкпоо боюнча тил кат жазып кетишкен.