БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева гендердик саясатты өнүктүргөнү үчүн дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамынын катарына кирди. Аталган тизмени Apolitical аттуу Британиянын изилдөө уюму түзгөн.
Рейтингди түзүү үчүн аталган уюм гендердик саясат чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттердин оюн ортого салган. Түзүүчүлөр ишмердүүлүгү гендердик тең укуктуулукка көбүрөөк таасир эткен жана аны өнүктүрүүгө үлгү болгон адамды тандап алышкан. Маалым болгондой бул долбоор уюмдун тырмак алды иши.
Тизмеде экс-президенттен тышкары Франциянын өлкө башчысы Эммануэль Макрон, Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Щвециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрем жана Лондондун мэри Садик Хан бар.
Эске салсак, 2015-жылы Роза Отунбаева Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын жана эл аралык деңгээлде тынчтык менен демократияны жайылтууга болгон аракети үчүн Италиянын "Минерва-2015" сыйлыгын алган.