Чүйдө жарым ай мурда жоголгон өспүрүм кыз үйүнө өзү кайтып келди

Өспүрүм Бишкекте курбусунун үйүндө жашап жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Чүй облусунда 14-майдан бери изделип жаткан 14 жаштагы Виктория Кан табылды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Нарын районунда жети ай мурун жоголгон токойчу изделүүдө
Буга чейин өспүрүм Аламүдүн айылындагы Набережный көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан болчу.

Виктория Кан үйүнө өзү келгенден кийин өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор аны менен баарлашкан. Милициядан кабарлашкандай, кыз Бишкекте курбусунун үйүндө жашап жүргөнүн айткан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.