Пресс-борбор

Кыргызстанда дары-дармектин баасы арзандайт. Качан ишке ашат?

Иш-чара 31-майда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Sputnik

Кыргызстан дары-дармектин баасына көзөмөл жүргүзүп баштайт. Ал үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул маселени талдап чыгуу үчүн жумушчу топтун катышуучулары КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен тажрыйба алмашышкан. Дүйнөдө дары-дармектин баасын көзөмөлдөгөн универсалдуу механизм жок, ошондуктан Кыргызстан өзүнүн методун иштеп чыкты.

Жумушчу топ адам өмүрүнө маанилүү делген дарылардын 500 түрүн аныктап тизмесин түзгөн. Биринчи кезекте алардын баасы көзөмөлгө алынат. Башкы тапшырмасы — дары базарын мурункудай болуп жеке компаниялар эмес, өкмөттүн башкаруусуна өткөрүү.

Катышуучулар:

ИСАКОВА Гүлжан Жакиповна — КР өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун медициналык камсыздандыруу долбоорун ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

ЖАНКОРОЗОВА Мариям Кадыркуловна — КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык ишмердүүлүктү уюштуруу башкармалагынын жетекчиси;

АДНАЕВА Нургүл Мажитовна — КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин дары каражаттарын улуттук маалымат базасына кийирүү боюнча консультант.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз m.elebesov@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.