Кыргызстан менен Татарстан биргеликте кино тартат

Бишкекте Татарстандын кино күнү аяктады. Ошондой эле эки өлкөнүн киночулары бир катар долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстан менен Татарстан биргеликте кино тартмай болду. Бул тууралуу "Татаркинонун" продюсери Миляуша Айтуганова билдирди.

Буга чейин Бишкекте үч күн бою татар кинолору көрсөтүлгөн болчу.

"Кыргызстандын кинематография департаменти, Кинематографисттердин республикалык союзу жана "Кыргызфильм" киностудиясы менен биргеликте ишке ашыра турган долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Келечектеги сценарийлердин негизи боло турган конкреттүү чыгармаларды талкууладык", — деп Айтуганова билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар кинопродукциялар менен алмашышкан. Кыргыз тарап Казань кинофестивалы үчүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган тасмаларды берген. Ал эми "Татаркино" Айтматовдун 2007-жылы Лейпциге келген архивдик кадрларын тартуулаган.