Радио

Акматов: жамакчы аракеттенсе төкмө акын боло алат

Төкмө акын Баян Акматов жамактатып сүйлөө да өзүнчө чоң талант экендигин айтты.
Sputnik
Акматов: жамакчы аракеттенсе төкмө акын боло алат

Жамакчы аракеттенсе төкмө акын боло алат. Жамактап ырдоо ар бир кыргыздын колунан келет. Ошондон улам дагы кыргыздарды музыка жандуу калк дешсе керек. Мындай пикирин Баян Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна өзүнүн өмүр таржымалы, чыгармачылыгы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жамактатып ар бир кыргыз ырдап, сүйлөй алат. Буга өзүбүз таң калбаганыбыз менен чет элдиктер үчүн өзгөчө көрүнүш.

"Кыргыз тили бай келет. Элибиз кадимки турмушта деле уйкаштырып сүйлөп келген. "Ай, кандайсың, салам берсем албайсың" деп жамактатып жатканыбызды өзүбуз деле байкабай калышыбыз мүмкүн. Сөз багып, өнөрүн өрчүткөн адамдан бара-бара төкмө акын чыга келет", — деди Акматов.

Ал ошондой эле талант бир пайыз болсо, эмгек 99 пайыз болуш керектигин кошумчалады.