Стамбулда дүйнөдөгү эң чоң мечит курулду. Асмандан тартылган видео

Мусулмандардын мечитин куруу иштери беш жылга созулган. Анын ичине 63 миң адам бата турганы айтылат.
Sputnik

Стамбулда курулуп жаткан Чамлыжа мечити дүйнөдөгү эң чоң сыйынуучу жай болмокчу. Анын ачылыш аземи  Кадыр түнгө туш келет. Бул туурасында Haberturk басылмасы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын маалымат жыйында айткан билдирүүсүнө таянуу менен жазды.

"Кадыр түнгө чейин курулуш иштерин аягына чыгарууну пландап жатабыз. Ал эми намаз окугандар үчүн 10-июнда эшик ачылат", — деди Эрдоган.

"Махмуд ал-Кашгари" мечити бүттү. Көз жоосун алган курулуштун асмандан көрүнүшү
Чамлыжа мечитин аянты 15 миң чарчы метр, ичине 63 миң адам батат. Төрт мунарасынын бийиктиги 107,1 метрге, экөө 90 метрге чейин жетет. Мечиттин жанына сүрөт галереясы, китепкана жана жыйындар залын камтыган маданий борбор ачылат. Сыйынуучу жайдын жайгашкан жери шаардын бүт тарабынан көрүнүп турат.

Маалыматта учурда мечиттин ички жасалгоо иштери жүрүп жатканы айтылат. Курулушу 2013-жылы башталган.

Таң калдыңызбы? Эми Кыргызстандын да эң чоң мечитин көрүп алыңыз.