1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин "юрист" адистигин бүтүргөн. Юстициянын I класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
1993 — Талас райондук сотунда ага сот аткаруучу;
1996-1997 — Талас райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү;
1997 – 2005 — Талас облустук прокуратурасында түрдүү кызматтарда эмгектенген;
2005 – 2006 — Талас облусунун прокурорунун орун басары;
2006 – 2010 — Талас облустук прокуратурасында кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;
2010 – 2013 — Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун прокурору;
2013 – 2016 — Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;
2016 – 2017 — Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын начальниги;
2017 – 2018 — Нарын облусунун прокурору;
2018-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалган.