БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бир маселе бир кишиге байланбаш (персонифиакция) керек деген пикирин Бишкек шаардык кеңештин кезектеги жыйынында калаа башчысы Албек Ибраимов билдирди.
Эске салсак, жыйында "Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртууга гранттык жана насыялык каражаттарды тартууну жактыруу жөнүндө" маселеси каралып жатканда отчет берүү үчүн чакырылган Бишкек санитардык полигонунун жетекчиси Болот Асаналиев кызматтан кеткени айтылган. Буга депутаттар нааразычылыгын билдирген.
"Максаттуу түрдө каралоо болуп жатат. Ар бир маселени бир кишиге байлап персонифакция кылып жатасыңар. Кимдир бирөө арыз жазса мактайсыңар, бирөө жазса аны аябай сындайсыңар. Анан муниципалдык кызматта кимдин иштегиси келет? Келгиле же отчетторду угалы, же шаардык кеңештин компетенциясына кирсе ар бир маселени териштирели ", — деди Ибраимов.
"Бул жерде ошол тармакка кечээ эле келбеген, көптөн бери иштеп жүргөн киши отурат. Ошол деле жооп берет. Бул жыйында унчукпай койдум эле, бирок чыдабай кеттим. Бир нерсе жараткан жеңилби же суракка алып талкалаганбы?" — деп суроо салды.
Ал эми өз кезегинде депутаттар мэрди айтылган сынга чычалабай, айтылгандарды эскертүү, сунуш катары кабыл алууга чакырды.