Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын атасы да, шектүү да маршрутка айдап иштеген

Чүй ОИИББдин башчысы милиция бөлүмүндө бычакталган кыз боюнча окуянын дагы башка жагдайларын айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жайыл райондук милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши Бишкекте жүргүнчү ташыган 240-маршрутканы айдап иштеп жүргөн. Бул туурасында Чүй ОИИББдин башчысы Нурлан Сарчаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, киши колдуу болгон кыздын атасы дагы ушул эле каттамда эл ташып иштейт.

Кызды ала качкан эки кишини "Сосновка" өткөрмө бекетинен саат 00.10 чамасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Subaru Outback унаасы менен бара жатканда кармап, Жайыл райондук милиция бөлүмүнө алып келген.

"Ыкчам нөөмөтчү бөлмөсүндө тергөөчүнү окуя менен тааныштырып жаткан кезде кабылдамадан ызы-чуу үн угулган. Алар барышса эшиги бек болуп турган. Кошумча ачкыч менен да ачылбай койгондуктан талкалап киришикен", — деди Сарчаев.

Ошто сөөгү табылган милиционердин досуна карата соттун чечими чыкты
Ал ошондой эле шектүү турган жай менен кабылдаманын аралыгы 10 метрдей гана болгондуктан, унаасынан алган бычагын байпагына катып кирип, кызды бычактап салганын белгиледи.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен прокуратура тарабынан Жайыл райондук милициясына кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, 28-май күнү 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.