"Электр станцияларын" жетектей турган Аскар Эшимбеков деген ким?

Аскар Эшимбеков 33 жылдан бери энергетика тармагында иштейт. Мындан тышкары, Ош шаардык кеңеште депутат, Жогорку Кеңеште эксперт болуп эмгектенген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандагы эң ири энергокомпания болгон "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна башкы директор болуп Аскар Эшимбеков келди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Эшимбеков 55 жашта. Жогорку билимдүү, 1985-жылы Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "электр станциялары, түйүндөр жана система" адистигин аяктаган.

Энергетика тармагында 33 жылдан бери эмгектенип келет. Ишмердүүлүгүн Ош ТЭЦинде баштаган.

ТЭЦтеги авариядан кийин камакка алынган энергетика тармагындагы жетекчилер. Тизме
Ош шаардык кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңеште эксперт да болуп иштеген. 2006-жылы КР президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эскерте кетсек, "Электр станциялары" өлкөдөгү алдыңкы компания, жалпы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Компаниянын курамына жети ГЭС жана эки ТЭЦ кирет. Кубаттуулугу — 3892 МВт.

Ишкананы 2017-жылдын жай айларынан тарта жетектеп келген Узак Кыдырбаев Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык уюмдардын кызматкерлери тарабынан укугунан аша чаап колдонуу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Андан мурунку жетекчи Салайдин Авазов компанияны 2012-жылдан 2014-жылга чейин башкарып, Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кармалган. Экөө тең учурда УКМКнын тергөө абагында.