Радио

Жээнбаев: чек арачы болом деген жигиттер арбын

Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара кайтаруу башкы башкармалыгынын башчысы полковник Куватбек Жээнбаев чек араны тирүү организм менен салыштырып, абалы бир заматта өзгөрүп кетүүсү мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
Жээнбаев: чек арачы болом деген жигиттер арбын

Бүгүнкү күндө чек ара кызматкери болом деген жарандар арбын. Бул тууралуу Куватбек Жээнбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чек ара кызматына жарандарды тартуу үчүн башка мамлекеттер менен чектешкен аймактарда атайын окутуу иштери каралган.

"Чек ара кызматкери болууну каалаган жаштар бүгүнкү күндө арбын. Бирок баарын эле жумушка алууга мүмкүнчүлүк болбой келет. Ден соолугу чын, психологиялык жактан туруктуу жана албетте Улуттук коопсуздук комитетинин талаптарына жооп берген жарандар гана чек арачы болуп иштей алат", — деди Жээнбаев.

Ал мамлекеттин чек арасын коргоого кызматкерлер да, каражат да жетиштүү экенин кошумчалады.