Айгүл Рыскулова Бишкек вице-мэрлигинен эмнеге кеткендигин айтып берди

Рыскулова вице-мэрлик кызматта төрт жыл иштеген
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik.Айгүл Рыскулова Бишкек вице-мэрлигинен эмнеге кеткендигин айтып берди.

"25-майда башка ишке өткөндүгүмө байланыштуу иштен кеттим. Эмне кызмат экендигин азыр айта албайм. Бишкек шаардык кеңештин жыйынында өзүнүн каалоосу менен кызматтан кетти деп туура эмес айтышты", — деди Рыскулова аны менен байланышкан Sputnik Кыргызстандын кабарчысына.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин сессиясында вице-мэрдин отчету каралмак, бирок ал иштен кеткендиктен бул маселе күн тартибинен алынган.

Рыскулова вице-мэрликке 2014-жылы 31-июлда дайындалган.