Жээнбеков: күнөөлүү адамдарга карата катуу чара көрүш керек

Сооронбай Жээнбеков коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Председатель Государственного комитета национальной безопасности Кыргызстана Идрис Кадыркулов

Билдирмеге караганда, жолугушуу учурунда УКМКга жүктөлгөн милдеттер жана Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланган. Президент ошондой эле УКМК ички жана тышкы коркунучтар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүшү керек экенин белгилеген.

"Күнөөлүү адамдарга карата катуу чараларды көрүш керек, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толуктоону камсыз кылуу зарыл", — деп мамлекет башчы билдирген.

Жээнбеков коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын кошумчалады.