Бишкекте жол чийинден өспүрүмдү унаа коюп кетти. Видео, сүрөт

Кырсыкка Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу себепкер болгон.
Sputnik

Бишкекте жөө киши өтчү жолдон унаа өспүрүмдү коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 28-май күнү, саат 13.30да Абдрахманов менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

Наезд на пешехода по улице Абдрахманова в Бишкеке

"Daewoo Nexia түштүк багытта баратып, 15 жаштагы баланы коюп кетти. Айдоочу окуя болгон жерден кеткен жок", — деди ал.

Шаардык милициянын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады.

Жабыркаган өспүрүм ооруканага жаткырылды, бирок эмне жаракат алганы айтылган жок.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.