Соцтармак кызыктары: сүйгөнүнө шакек салган Баястан, курбусун штанга кылган бийкеч

Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бүтүрүүчүлөрдүн жаш аралаш жылмаюусу менен өткөн акыркы коңгуроонун шарапаты, Тарых музейин оңдоо үчүн коротулган миллиондогон каражаттар. Анын ичинде бир аттын статуясынын 14 миң еврого сатып алынышы элди таң калтырды.

1. Уядан учкан окуучулар. Жума күнү акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Мурдагылардан айырмаланып бул жылкы бүтүрүүчүлөр майрамды ызы-чуусу жок аябай тынч өткөрүштү. Жалпы республикалык тестирлөөдө дагы "айлабызды алты кетирип жатышат" деп наалып чыккандар болгон жок. Ушундай кылса деле болот экен го! Баса, быйыл Кыргызстанда 60 миңге жакын бүтүрүүчү билим уясынан учту.

2. Музейдин кымбат аттары. Апта аягында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары көчмө жыйын өткөрүп, Тарых музейин оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдарга кызыгышкан. Жыйын учурунда алынган эмеректер менен жабдуулардын баасы асман чапчый турганы белгилүү болгон. Баарынан да ар бири 14 миң еврого алынган эки ат элдин жакасын карматты. Ал аттардын өзгөчөлүгү эмнеде экени белгисиз. Бирок, чындап келгенде ал аттар эшекке окшош экенин депутаттар баш болуп, соцтармактагылар төш болуп айтып чуру-чуу түштү.

3. Баястан үйлөнөт. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү алдыңкы реп ырчылардын бири болгон Баястан сүйүктүүсү Зульфияга туулган күнүндө өзгөчө сюрприз жасады. Ал кече өтүп жаткан жайга бир кучак гүл көтөрүп кирип, сүйгөнүнүн алдына тизе бүгүү менен шакек сунуп колун сураган. Кыз ага түбөлүк жар болууга макулдугун берип, кубандырды.

4. Билеги күчтүү кыз. Өзүнүн курбусун штанга кылып көтөрүп элдин оозун ачырган кыз интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү. Ал оор атлетика, кроссфит менен машыккан 22 жаштагы Алтынай Айдаралиева экени белгилүү болду. Жигиттер, тийишем деп жатып туура эмес сөз айтып албагыла, көтөрүп алыс ыргытып ийбесин!

5. 12 мүчөсү тең кыймылдайт. Бул жигит өзгөчө бийи менен элдин көңүлүн өзүнө бурду. Каерде кантип машыкканын ким билсин, айтор, дене мүчөсүнүн баары кыймылдайт экен. Аны көргөндө башка планетадан келген адам эмеспи деген ой кетет. Сиз да көрүп талантына баа бериңиз. Тасма Кыргызстанда эле тартылганы айтылууда.

6. Телефон чукулайсың. Тестиер кыз улуу кишини катуу тилдеп жатат, болгондо да орус тилинде. "Кечке жатасың, телефон чукулайсың, чукулайсың көчөгө чыкпайсыңбы! Машыкпайсыңбы!" десе анысы да эч камарабай "чукулаешь эмес ковыряешь" болот деп анын сөзүн тууралап жатат. Кыздын мындай кыялы соцтармактагыларды күлкүгө бөлөдү.