Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында түнкүсүн 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 21…26 градус ысык болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аба ырайынын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градуска жетет.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 градус жылуу болот. Ал эми Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус жылуу болушу мүмкүн.

Бишкекте түнкүсүн 5…7, күндүз 23…25, Ош шаарында түнкүсүн 7…9, күндүз 24…26 градус ысык болот.