Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды куттуктады

Мамлекет башчы чек арада кызмат өтөө жооптуу жана абдан татаал милдет экенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл башчы куттуктоо сөзүндө мамлекеттик чек ара жана анын бекем кайтарылышы өлкөнүн көз карандысыздыгынын негизги элементтеринин бири экенин белгилеген.

"Кымбаттуу чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди чек арачынын күнү — Ата Мекендин чектеринде күнү-түнү кызмат өтөгөндөрдүн кесиптик майрамы менен куттуктайм. Эгемендик жылдарында Кыргызстандын чек ара ведомствосу жакшы тарыхый салттарды өзүнө сиңирип, жаңы, мекенге болгон сүйүү жана аскердик милдет сезимдерине негизделген салттарды калыптандыра алды", — деп президент билдирген.

Мамлекет башчы чек арада кызмат өтөө жооптуу жана абдан татаал милдет экенин белгилеп, кызматкерлерге жана алардын жакындарына бекем ден соолук, бакубатчылык каалады.