Радио

Кожокеев: кыргыздар чүкө ойногонду бир көрүп эле үйрөнүп алат

Айкүр федерациясынын башкы машыктыруучусу жана вице-президенти Искендер Кожокеев улуттук оюндарды колдон келишинче жаш муунга жайылтуу керектигин айтты.
Sputnik
Кожокеев: кыргыздар чүкө ойногонду бир көрүп эле үйрөнүп алат

Кыргыздардын канында бар болгондуктан, чүкө оюнун кыргыздар бир көрүп эле үйрөнүп алат. Мындай пикирин Искендер Кожокеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чүкө оюну жаш баланын аң-сезиминин өсүшүнө да шарт түзөт.

"Чүкө жөн эле оюн эмес. Анын жаш балага тийгизген таасири абдан чоң. Бул оюнду ойноп чоңойгон балдар аң-сезимдүү, чүкөнү ыргытканда муундар иштегендиктен денеси чоюлчаак, колу түз болуп чыга келет. Илгери жоокерчилик заманда балдар кичинесинде чүкө ойноп, бой жеткенде аны мергенчилик менен алмаштырышкан. Ал убакта азыркыдай мылтык жок болгондуктан, мергенчилик кылууда колдун түз болушуна да чүкө чоң өбөлгө түзгөн", — деди Кожокеев.

Ал, мындан сырткары, чүкө билинбегени менен баланы мекенди сүйүүгө үйрөтөрүн кошумчалады.