Радио

Бегилерова: 50 миң сомдон көп карыз берээрде нотариуска кайрылыңыз

Адвокаттар кеңешинин мүчөсү, адвокат Мейил Бегилерова жарандар карыз берүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды сактоосу керектигин айтты.
Sputnik
Бегилерова: 50 миң сомдон көп карыз берээрде нотариуска кайрылыңыз

50 миң сомдон көп карыз берээрде нотариуска кайрылуу мыйзам ченемдүү болуп саналат. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар пайыздык карыз алууда да көп жаңылышат.

"Эгер үстөк пайызы менен карыз алып, аны учурунда төлөй албай пайызы көбөйүп кетсе, ошол карыздын пайызы алган акчанын суммасынан ашпоосу керек. Ашып кеткен учурда да андан артыгын төлөбөйт. Жаран карыз алып жатканда, акчаны берип жаткан тарап нотариуска кайрылып, баарын документ жүзүндө жасаганы туура. Берилип жаткан акчанын суммасындагы бир буюм кепилдикке коюлат. Мисалга ал үй деп коелу. Алган адам төлөй албай калган учурда ал үй сатылып, карыздын баштапкы суммасы канча болсо ошол төлөнөт же пайызга алган болсо карыздын суммасынан көп эмес пайызы кошо төлөнөт да калган акча үй ээсине кайтарылып берилет ", — деди Бегилерова.

Ал жарандар көбүнчө мыйзамды билбегендиктен кепилдикке койгон буюмунан бүтүндөй айрылып калып жатканын кошумчалады.