Кемпиримдин ордун бала толуктай албайт экен. Жесил абышканын арманы

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кемпиринин көзү өтүп, балдары менен чогуу турган кишинин арманы баяндалат.

Жашым 60тан өтүп калды. Байбичем эки-үч жыл мурда оорудан улам дүйнө салган. Ошол күндөн тарта жашоом таптакыр башка нукка өзгөрүлдү. Аялыңдын артында калгандан өткөн азап жок экен… Эки кыз, үч балам бар. Баары орун-очок алып, бала-чакалуу. Алар канчалык "атакелеп" көзүмдү караган менен бир нерсе жетпегендей, өзүмдү жалгыз калгандай сезчү болдум. Бул сезимди мендей болуп аялынын артында калган эркектер эле сезбесе сөз менен түшүндүрө албайм…

Уул-келиним менен чогуу тургум келбейт, бөлүп да кое албайм. Эненин арманы
Жашоом уланып жатат. Күндүз уулум жумушка кетип, үйдө келиним менен калам. Неберелерим эрмек болот, майда-барат жумуш жасайм. Антсе деле кемпириме сүйлөгөндөй келинге сүйлөй албайсың, атургай кенен-кесир чай ичмей жок. Тартынасың да. Байбичем барда чайды улам-улам кайнаттырып ичип, анда-санда ага корсулдап да алчумун.

60 жашта куда-сөөк күтүп той-аш деген башталат экен. Чакырган жердин баарына бара бербейм, соксоюп эркектин карыганда жалгыз барганы да жаман көрүнөт экен. Барсам да ичпегенге аракет кылам. Тамтаңдап келсем акырын жаткырып койчу байбичем жок, келин-уулга уят болбоюн дейм.

Жалгыздыктан жадаганда үйлөнсөмбү деп балдарга чет-четин чыгарып көрдүм. Уулдарым макул болгону менен кыздарым так секирип, караманча каршы чыкты. Канча жашым калды билбейм, бирок жан дүйнө жалгыздыгы жаман экен. Бала чоңойгондо өзү менен өзү болуп кетет турбайбы, айтсаң деле түшүнбөйт. Айланамда адамдар жүргөн менен бардык нерседен өзүмдү коомай сезип, чектелип калгандай болуп жатам…

Кадиян Бообекова, психолог

Бул кишинин кемпиринин көзү өткөнүнө аз эле убакыт болгон турбайбы. Жалгыздыкка көнө албай кыйналып жаткан чагы экен. 60 жыл чогуу жашап жакын адамын жоготуу оңой эмес. Аялдар да ыйлап бугун чыгарып алат, ал эми эркектер эч кимге айтпай ичинен бышып отуруп, кадимкидей оорушат. Анын үстүнө аял киши болсо неберелерин карашып алаксып жүрө берет. Ал эми эркектерге дайыма камкордук керек болгондуктан кирин-жууп, чайын берген, карыганда жанында бирөө болгон жакшы.

Кайненем чачыман сүйрөп... Кайындары менен чогуу турган келиндин муңу
Бул жерде каарман эмне кыларын, чын эле үйлөнгүсү келип жатканын өзү да билбей жаткан чагы. Эгер көздөгөн бирөөсү болуп, ал адамга баш кошкусу келсе кыздарынан мурда балдарына, анын ичинен да жакшы көргөн баласына айтып көрсүн. Кыздарынын каршы чыкканын да түшүнсө болот. Анткени апасынын көзү өткөнүнө эки-үч эле жыл болуптур, ичтери ачышып жатат. Энесинин оокатын бирөө колдонуп, кийимин кийип жүргөнүн көрүү оңой эмес. Кыздар балким кайын-журтунан, күйөөлөрүнөн уялып жаткандыр.

Үйлөнгөнүңөр туура же туура эмес деп биз эч качан кеңеш бере албайбыз. Жаш эмес, акыл калчап калган кезде жакшылап ойлонуш керек. Үйлөнсө келин-уулу менен бир үйдө тура алабы, өзүнө ыңгайлуу болобу, ал жагын да карап көрсүн. Башкысы өзү өкүнүп калбагыдай чечим чыгарсын.

Кандай аял алат, алганы аны ойлогондой карап багабы? Ал дагы суроо. Ошондуктан балдар чоңоюп калганда кайра анысы кетип калып же жашай албай калбагыдай жакшылап ойлонуп көрсүн.