Радио

Сыргабаев: жалгыз бой адамдардын балдары гендердик ролду толук өздөштүрө албайт

Социология илимдеринин кандидаты, доцент Самар Сыргабаев толук кандуу үй-бүлөдөн чыккан балдар көбүрөөк бактылуу болорун айтты.
Sputnik
Сыргабаев: жалгыз бой адамдардын балдары гендердик ролду толук өздөштүрө албайт

Жалгыз бой адамдардын колунда тарбияланган балдар гендердин ролун толук түшүнө албайт. Мындан улам кийин гендер көйгөйү жаралат. Бул тууралуу Самар Сыргабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атанын да, эненин да тарбиясын алган балдарда толук кандуу үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

"Чындыгында эле жарым жартылай үй-бүлөдө тарбияланган балдар гендердик ролду толук өздөштүрө албай калат. Социологияда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, респонденттердин 82 пайызы жалгыз бой эне же жалгыз бой ата менен калган балдар туура эмес тарбия алат деген пикирин айтышкан. Булар фактыны белгилеп жатканына карабастан, кайра эле ажырашуу маселелери чыгып жатат", — деди социолог.

Ал ажырашуунун саны бир гана Кыргызстанда эмес дүйнө жүзүндө өсүп жатканын кошумчалады.