Тогуз-Торо районунун акими болуп мурунку орун басар дайындалды

Райондун мурунку акими Тилек Идирисов "Макмалдагы" чууга байланыштуу кызматынан кол жууган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп Айбек Кожошев дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев кол койгон.

БШКнын экс-төрагасы Абдраимов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым өкүлү болду
Кожошев буга чейин ушул эле райондо акимдин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунун мурдагы акими Тилек Идирисовду 11-апрелде ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков иштен алган. Ал "Макмал" алтын комбинатынын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон жергиликтүүлөрдүн чуу чыгарышына жол берген деген жүйө менен кызматтан бошотулган.

Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөп жиберген болчу.