Мындай болгон эмес! "Реал" үч жолу катары менен Чемпиондор лигасынын кубогун утту

Ошентип "Реал" үч жолу катары менен Чемпиондор лигасынын чемпиону боло алды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Испаниялык "Реал Мадрид" футбол клубу англиялык "Ливерпулду" Чемпиондор лигасынын финалында 3:1 эсебинде жеңди.

Оюн Киев шаарында өттү. Беттештин биринчи бөлүгү оюнчулар үчүн оңойго турган жок. Буга биринчи таймда бир да гол кирбегени далил.

ESPN дүйнөнүн атагы таш жарган спортчуларын атады
Беттештин 26-мүнөтүндө мадриддик коргоочу Серхио Рамос "Ливерпулдун" чабуулчусу Мохаммед Салахка каршы эреже бузган. Бир нече мүнөттөн кийин эле ооруксунуп калгандыктан Адам Лалланага алмаштырылды.

Андан беш мүнөт өтпөй "Реалдын" коргоочусу Дани Карвахаль бутун кайрып алып анын ордуна Начо Эрнандес чыкты. Ал эми 43-мүнөтүндө Эрнандес топту Роналду менен Бенземага көтөрүп берип, Бензема гол киргизип жиберген. Бирок рефери аны оффсайд деп эсептеп койду.

Экинчи таймды англиялык клубдун оюнчулары чабуул менен баштаган. Бирок "Ливерпулдун" дарбазачысынын олдоксондугунан улам Бензема эсеп тактасын өзгөрттү. Андан соң 55-мүнөттө Садио Мане "Реалдын" дарбазасына гол киргизип эсепти теңеди.

Кийин "Реалдын" оюнчусу Гарет Бэйл ийгиликтүү түрдө эки топ киргизип, оюн 3:1 эсебинде аяктады.

​Беттеште Бэйл мыкты оюнчу аталды.

​Ошентип "Реал" үч жолу катары менен Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү аталды.