Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Кайсы күндөрү жаан жаап, күн ысыйт? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, 28-май күнү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетип, бийик тоолуу райондордун жолдору тайгак болот.

Чүй, Талас өрөөнүндө 13…18 градуска чейин күн жылыса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында аба ырайынын температурасы 16…21 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 12…17 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы 15…20 градусту түзөт.