Эртең борбор калаанын 30 көчөсүндө жарык өчөт. Тизме

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы эртең, 28-майда борбор калаанын 30 көчөсүндө жарык өчө турганын кабарлады.

Маалыматта электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.

Жарык өчө турган көчөлөр:

09.00 – 15.00 — Горький, Шабдан баатыр көчөлөрү;

09.00 – 18.00 — Циолковский, Боталиев, Махатма Ганди көчөлөрү жана Челябинский тар көчөсү;

09.30 – 12.00 — "Ак-Өргө-2" конушунун Кербез, Арабаев жана Кырк-Кыз көчөлөрү;

09.30 – 17.00 — Ибраимов, Табачный, Күрөңкеев, Жуковский, Сүйүмбаев көчөлөрү, ошондой эле "Учкун" конушу (Кайыңды жана Миң-Булак көчөлөрү);

09.30 – 18.00 — Тоголок Молдо, Курган, Нарв, Ильменский, Ленский көчөлөрү жана "Көлмө" конушунун Кулиев, БЧК, Теңдик, Республика, Максат, Минский, Багратион, Малышев көчөлөрү жана Беломорский тар көчөсү;

09.30 – 19.00 — "Дордой" конушу;